Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарат

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 1751 | 0

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аркалоо Жаркынбек Касымбековго жүктөлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун расмий сайтында маалымдалды.

Жаркынбек Касымбековду бүгүн, 4-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрдин орун басары кылып дайындаган болчу.

Жаркынбек Касымбеков 1973-жылы Бишкек шаарында туулган. 1996-жылы И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Ал Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы ден соолук борборунда, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана башка бир катар кызматтарда иштеген. 2014-2015-жылдары Бишкек «Тез жардам» кызматынын башкы дарыгери болгон.

2021-жылы «Чоң казат» партиясына жетекчи болуп шайланган. Ошол жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Ынтымак» партиясынан талапкерлигин койгон.

Айта кетсек, бүгүн, 4-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон тескеменин негизинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилди. 

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен министрдин үч орун басары бүгүн кызматынан алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM