Биз менен байланышыңыз

Ислам өнүктүрүү банкынын Бишкектеги филиалын ачуу сунушталды

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 386 | 0

Кыргызстандын өкүлчүлүгү учурда Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучуларынын 47-жыйналышына катышып жатат. Анын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммад бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту.

Эки тараптуу сүйлөшүүдө кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан банктын долбоорлору сыяктуу бир катар маселелер талкууланды. Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын Бишкек филиалын ачуу сунушталды.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда 2022-2027-жылдарга кызматташуу стратегиясын иштеп чыгып, тез арада кол коюу зарылдыгы белгиленди.

Аны менен катар Арзыбек Кожошев Мохаммад бин Сулейман аль-Жассерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM