Биз менен байланышыңыз

Акжол менен Айпери Алматыдагы турнирде алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 4 Июн 2022 | 756 | 0

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча «Болот Турлыханов Кубогу» рейтингдик турниринде кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызы алтын медаль алышты.

Грек-рим күрөшүнөн 82 кг салмакта килемге чыккан Акжол Махмудов чейрек финалда Түркиядан келген Бурхан Акбудакты 5:5 эсебинде, жарым финалда Грузиянын балбаны Торнике Дзамашвилини 4:1 эсебинде жеңип алган.

Финалда ирандык Пежман Солтанморад Поштамды 2 мүнөттө 9:0 эсебинде утуп, турнирдин чемпиону аталды.

Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмактагы балбан Айпери Медет кызынын алгачкы беттештери айлампа системасында өттү. Дароо экинчи айлампага өтүүгө мүмкүнчүлүк алган Медет кызынын биринчи атаандашы монгол кыз Ариунжаргал Ганбат да, экинчи атаандашы монголиялык Загардулам Наигалсурен да беттештен баш тартып, кыргызстандык балбан кыз жарым финалга дароо өттү.

Жарым финалда индус кыз Пужа Пужаны 10:0 эсебинде, ал эми финалда Египеттин балбан кызы Самар Амер Ибрахим Хамзаны 17:6 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Алматыда өтүп жаткан «Болот Турлыханов Кубогу» рейтингдик турнири 2-июнда башталган. Учурда Кыргызстандын капчыгында 2 алтын, 4 коло медаль бар.

Буга чейин грек-рим күрөшүнөн балбандар Жоламан Шаршенбеков (63 кг), Ринат Иляз уулу (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Атабек Азисбеков (87 кг) коло медаль алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM