Биз менен байланышыңыз

Министрдин орун басары: Бейшеналиев менден 1 млн сом пара сураган

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 299 | 0

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов министр Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ал өз арызында Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылдын май айынан бери иш бөлмөсүнө бир нече ирет чакырып, «кызматыңдан кетирем» деп коркутуп, 1 млн сом пара талап кылганын жазган. Бектурганов мындай коркутуулардан кутулуу үчүн туугандарынан 498 миң сом карыз алып, Бейшеналиевдин оозеки тапшырмасынын негизинде ошол жылдын 8-июлунда Бишкектеги курулуш компаниялардын бирине алпарып берген.

Бул факты боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, саламаттыкты сактоо министри кечээ, 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалып, тергөө абагына жеткирилген. Ага жети кылмыш боюнча иш ачылганы, алардын бири COVID-19га каршы вакцина алып келүүдөгү коррупция, мыйзамсыз акча адалдоо экени айтылган.

Бул иштин алкагында министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Султан Сатарбеков да шектүү деп табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM