Биз менен байланышыңыз

Ажылык сапарга алгачкы топ 16-июнда учат

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 415 | 0

Ажылык сапарга кыргызстандыктардын алгачкы тобу 16-июнда жөнөп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Алгачкы топтун курамында 405 адам бар экени, аларды 8 ажы башчы коштоп барары айтылды. Зыяратчыларды жеткирүү милдетин Сауд Арабиянын Flynas авиакомпаниясы алган.

Белгилей кетсек, Сауд Арабия Падышачылыгы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-2021-жылдары ажылык сапарга чектөөлөрдү киргизген. Бул чектөө быйыл алынып, чет элдиктердин да айрым талаптарды сактаган шартта Мекке, Мединага кирүүсүнө уруксат берген.  Анын негизинде Кыргызстанга 2766 квота бөлүнгөн.

Муфтияттын буга чейинки берген маалыматы боюнча, Кыргызстандан 2680 адам зыяратчы катары, калган 86 адам коштоочу, жол көрсөтүүчү, тейлөөчү катары барат.

Ажылык сапарга акыркы топ 22-июнда жөнөп кетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM