Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесинде саат 14:15те ок атышуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш бөлүмү билдирди.
Саат 14:07де тараптардын чек ара бөлүктөрү ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тарапты саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.
Кагылышуу учурунда 1 аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Учурда атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жүрөт. Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.