Биз менен байланышыңыз

Легендарлуу футболчу Пеле Орусия президентин согушту токтотууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 2846 | 0

Бразилиянын легендарлуу футболчусу Пеле (Эдсон Арантисду ду Насименту) социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоп, Украинадагы согушту токтотууга чакырды.

«Мындай зордук-зомбулукту актоого болбойт. Бул кагылыш кайгы-касырет, коркунуч, оору, азаптан башка нерсе алып келбейт. Мен сексенден аша жашаган өмүрүмдө бул өңдүү кагылыштарды, өз элин азапка салган акылсыз башчыларды көп көрдүм. Биз муну токтотушубуз керек», — деп жазган ал.

Ошондой эле 2017-жылы Дүйнө чемпионатына карата Москвада өткөрүлгөн Эл аралык футбол федерациясынын иш-чарасында кездешкенин эске салып, ал учурда мынчалык тез өзгөрүү болуп кетерин ойлобогонун билдирген.

«Жаңжалды токтотуу сиздин колуңузда. 2017-жылы Москвага барганымда ошол колду кыскан элем», — деди Пеле.

Эске салсак, ушул жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган. Владимир Путин кайрылуусунда бул аракетин «аскердик операция» атап, ашынган улутчулдукка (денацификация) жана мыйзамсыз куралданууга (демилитаризация) каршы күрөш жүргүзүп жатканын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM