Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 3 Июн 2022 | 713 | 0

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жарым финалга чыкты.

Ал турнирде 1/4 финалдан баштап 82 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып жатат.  Махмудов биринчи беттешинде Түркиядан келген спортчуну жеңип алган.

Ушул эле салмакта Калидин Асикеев да жеңиш менен баштап, чейрек финалга өттү.

77 килограммга чейинки салмакта Ренат Ильяз уулу биринчи беттешинде жеңилип калган.

2-июнда Алматыда 2022-жылдын экинчи рейтингдик турнири башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM