Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Атабек Азисбеков Казакстанда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде коло медалга ээ болушту.
2-июнда Алматыда 2022-жылдын экинчи рейтингдик турнири башталган.
Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстандан 9 балбан килемге чыкты.
Амантур Исмаилов (67 кг чейин) менен Бексултан Махмудов (97 кг чейин) коло үчүн күрөштө утулуп, 5-орунга ээ болушту.
Куттубек Абдыкерим уулу (60 кг чейин), Дастан Кадыров (63 кг чейин), Калы Сулайманов, Халмурат Ибрагимов (67 кг чейин) жана Мелис Айтпеков (87 кг чейин) медалсыз калышты.
Бүгүн, 3-июнда кыргызстандык төрт балбан күчүн сынап жатат. Беттеш Бишкек убактысы менен саат 10:30да башталган.
Бүгүн төмөнкү балбандар килем үстүнө чыгат:
Айпери Медет кызы – 76 кг;
Ильяс Ренат уулу – 77 кг;
Калидин Асыкеев – 82 кг;
Акжол Махмудов – 82 кг.
Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.