Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалганы айтылууда

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 534 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин камакка алынганы айтылып, видео тарады.

Ал Башкы прокуратура тарабынан камалганы тууралуу маалыматтар чыгууда. Тиешелүү органдар бул боюнча расмий маалымат берише элек.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев бул кызматка 2020-жылдын октябрь айында келген. Бейшеналиевдин жасаган иштерине байланыштуу анын үч орун басары буга чейин сын айтып чыккан. Ал эми министр өзү эч жакка отставкага кетпей турганын жарыялаган болчу.

Ошондой эле мындан бир канча саат мурун президенттин маалымат кызматы Саламаттыкты сактоо министрине Ысык-Көлдөгү зээндүү балдар үчүн президенттик гимназиянын курулушун тездетүү боюнча тапшырма бергенин билдирген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM