Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: Түлөбаевдин ККМ боюнча айткандары чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 762 | 0

Мамлекеттик салык кызматы депутат Балбак Түлөбаевдин ККМ аппараттары боюнча айткандарын төгүндөдү. 

Айта кетсек, Балбак Түлөбаев бүгүн, 2-июндагы жалпы жыйында Мамлекеттик салык кызматы көзөмөл-кассалык машина колдонбогон ишкерлердин лицензияларын алып коюп жатканын айтып чыккан. 

Аты аталган мекеменин маалымат кызматы салык органдарынын ишкерлердин лицензияларын чакыртып алууга укугу жоктугун, болгону алкоголдук өндүрүм саткан жайлар лицензиялык талаптарды сактабаган учурда гана убактылуу токтотуп коё алышарын билдирген.

Ошол эле учурда салык мыйзамдарына ылайык, ККМ колдонбогон ишкерлерге административдик айып гана салышарын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM