Биз менен байланышыңыз

Жапаров кыргыз-эмират фондун түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 1062 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль Маррини кабыл алды.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча актаулдуу маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү, ишкердик байланыштарды чыңдоо максатында биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Фонддун каражаттары өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

БАЭнин экономика министри биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп, буга чейин түзүлгөн фонддордун иштөө моделин карай турганын билдирди.

Арап делегациясы 31-майда Бишкекке келген. Иш сапардын алкагында бизнес форум өтүп, кызматташуу боюнча бир нече меморандумга жана келишимдерге кол коюлду.

1-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында экономика министри Данияр Амангелдиев Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри башында турган делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM