Биз менен байланышыңыз

Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 654 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммад бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргызстандын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле долбоордук кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, тактап айтканда, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн артыкчылыктуу саналган долбоорлорду кеңейтүү маселеси талкууланды.

Тараптар Кыргызстан жана Ислам өнүктүрүү банкы ортосунда 2022-2027-жылдарга өлкөлөр аралык кызматташуу Стратегиясын иштеп чыгуу жана ага тез арада кол коюу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Катар өнүктүрүү фонду, Кувейт Араб өнүктүрүү фонду жана Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмун эл аралык өнүктүрүү фонду курамына кирген Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жакынкы арада Төртүнчү тегерек столду өткөрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап доктор Мохаммад бин Сулейман Аль-Жассерди Кыргызстанга сапары менен келип кетүүгө чакырды жана ал сунуш кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM