Биз менен байланышыңыз

«Сорос-Кыргызстан» фондунун жетекчиси суракка чакырылуу себебин түшүндүрдү (видео)

Кыска кабар , Саясат | 2 Июн 2022 | 1201 | 0

«Сорос-Кыргызстан» фондунун жетекчиси Шамил Ибрагимовдун УКМКга суракка чакырылышынын себеби фонддун жайгашкан имаратты сатып алуусу менен байланыштуу болгон. Бул тууралуу ал УКМКдан сурактан чыгып баратканда билдирди.

Шамил Ибрагимовдун айтымында, интернетте фондду каралаган анонимдүү видеолор пайда болууда. Атайын кызмат алардын бирине жооп берүүнү чечкен.

«Видеолордун биринде алар «Сорос-Кыргызстан» фондунун имаратын 23 жыл мурун мыйзамсыз алганын айтышкан. Эмнегедир бул маселе азыр кайрадан көтөрүлүп жатат. Бизди бул абалды тактап, түшүндүрүү үчүн чакырышкан. Биз кырдаалды тактап алдык деп үмүттөнөм. Ушул 23 жыл аралыгында эч кандай даттануу болгон эмес жана имаратты сатып алуу боюнча бүтүм мыйзамдуу болгон. Муниципалдык менчикте турган бардык имарат мамлекетке кайтарылсын деген суроо менен бизге эч ким келген жок. Бул өкүм имараттарды мыйзамсыз алгандарга көбүрөөк тиешелүү деп эсептейм. 2012-жылдан кийин прокуратура, Салык кызматы сыяктуу ар кандай мамлекеттик түзүмдөр дагы эле бала бакчалардын имараттарын ээлеп турушат жана аларга карата эч кандай дооматтар жок. Бардык имарат мыйзам чегинде катталганы аныкталган», — деди фонддун директору.

«Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргызстандагы ишин 1993-жылы баштаган, ал эми 1995-жылдын аягында Адилет министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Ошол учурдан бери «Сорос-Кыргызстан» фонду укуктук, билим берүү жана экономикалык реформалар, массалык маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга жана академиялык чөйрөлөргө колдоо көрсөтүү, коомдук саясат, саламаттыкты сактоо жана маданият жаатындагы демилгелерди илгерилетүү боюнча ар түрдүү тармактардагы жарандык демилгелерге туруктуу колдоо көрсөтүүнү улантып келе жатат. Бул демилгелерди каржылоо үчүн өлкөгө фонд тарабынан 79 млн доллардан ашык кайтарымсыз каражат  бөлүнгөн.

Фонд дүйнөлүк масштабдагы финансист жана бүткүл дүйнөгө белгилүү филантроп Джордж Сорос жетектеген «Ачык коом» институту тарабынан түптөлгөн. Фонд эл аралык түйүндүн бир бөлүгү болуп саналат, анын катарына дүйнөнүн 31 өлкөлөрүндөгү улуттук Сорос фондулары жана өзүнүн ишмердүүлүгү менен дагы 27 өлкөнү камтыган эки регионалдык фонд кирет.

Азыркы күндө фонд 7 тематикалык тармакта иш алып барат.

Эске салсак, бүгүн эртең менен «Сорос – Кыргызстан» фондунун директору Шамил Ибрагимов УКМКга суракка чакырылганын жергиликтүү маалымат каражаттары жеке булактарына таянуу менен жазышкан эле.

Copyright © 2017 Maral FM