Биз менен байланышыңыз

Жакыпов: Жөлөк пул чыныгы муктаждарга берилбей келет

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июн 2022 | 3012 | 0

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жакырчылыктын көрсөткүчү мурдагыга салыштырмалуу 16%га көбөйдү. Азыркы тапта 834 миң бала жакыр үй-бүлөдө жашайт. Бул тууралуу «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери Таалай Жакыпов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аталган борборго аябай көп бала жардам сурап кайрылат.

Мыйзамга ылайык, бул категориядагы балдарга мамлекет тарабынан жөлөк пул берилип, жардам көрсөтүлүшү керек. Бирок бул нерсе иш жүзүнө ашпай келет.

«Биз жаңы конуштарда көп иш алып барабыз. Алар өтө төмөн шарттарда жашашат, бирок жөлөк пул албаган жарандар четинен чыгат. Мыйзам боюнча алар каттоосуна карабастан жашап жаткан жеринен жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. «Иш кагаздардын санын кыскарттык» деп айтып жатышканы менен, толгон-токой документтерди талап кылган учурлар көп болуп жатпайбы. Ушунун айынан миңдеген жараныбыз жөлөк пул ала албай, кур калып жатышат», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM