Биз менен байланышыңыз

Аткез жол менен кирген телефондор байланыш кызматтарынан ажыратылат

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 693 | 0

Министрлер кабинети «Байланыш түзүмүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» чечим кабыл алды.

Бул чечим өлкөгө аткез жол менен кирип жаткан чөнтөк телефондорго бөгөт коюу, мындан жабыр тарткан адамдардын укугун коргоо максатында кабыл алынган.

«Белгилей кетсек, учурда уюлдук байланыш каражаттары көп уурдалган жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына контрабанда жолу менен алып келинген буюмдардын катарына кирет. Уурдалган телефондор атайын программалык каражаттардын жардамы менен тазаланып, ортомчулар же интернет аркылуу кайра сатылат. Ошол эле учурда ушундай кылмыштардан жапа чеккен адамдар мобилдүү түзүлмөлөрдү жана жабдууларды сатып алууга короткон каражаттарын гана жоготпостон, көп учурларда кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон маанилүү маалыматтарын да (байланыштар, билдирүүлөр, башка маалыматтар) жоготушат», — деп айтылат Министрлер кабинетинин сайтында.

Аны менен катар бажы төлөмү алынбастан кирген товарлардын айынан өлкө бюджети да чыгымга учурап жатканы белгиленип, төмөнкүдөй тартип иштелип чыкканы айтылган:

— түзүлмөлөрдү алып келүүнү көзөмөлдөө аркылуу мамлекеттин кирешесин көбөйтүүгө түрткү берет (бажылык тазалоодон өтпөгөн түзүлмөлөр өлкөнүн операторлорунун байланыш тармагында иштебейт);

— уурдалган мобилдүү байланыш түзүлүштөрүнүн саны азаят (мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн уурдоо маанисин жоготот, анткени уурдалган түзүлүштөр өлкөнүн операторлорунун байланыш тармагында иштебейт);

— жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы кара ниет атаандаштык жоюлат;

— мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануунун коопсуздугу жогорулайт;

— түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик системасы жергиликтүү байланыш операторлорунун тармактарында ар бир түзүлүштү текшерүүдөн, каттоодон, аутентификациялоодон жана авторизациялоодон өткөндөн кийин түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун «ак», «боз» жана «кара» тизмелерин түзүүнү жана байланыш кызматтарын көрсөтүүнү карайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM