Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев Германиянын депутаттарын Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 889 | 0

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев «Германия-Борбор Азия» парламенттик тобунун жаңы курамы менен кездешти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Отурумга Өмүрбек Текебаевден тышкары Борбор Азия мамлекеттеринин жана Монголиянын Германиядагы элчилери да барды. Анда эл аралык кырдаал, кыргыз-герман кызматташтыгын ар тармактан өнүктүрүү, парламенттер аралык алаканы бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Соңунда Өмүрбек Текебаев өлкөбүздү өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, Бундестагдын (немис парламенти) депутаттарын Кыргызстанга конокко чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM