Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Кырк киши отуруп, мамлекеттин тагдырын чечип коюп жатабыз

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 771 | 0

Кыргызстанда мыйзамдуулук жок дейбиз го, мыйзамдуулук ушул жерде жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Ал жыйында 40 депутат отурганын, бирок каттоо таблосунан 70 депутат өткөнүн айтып, мыйзамды так сактоого чакырды.

«Кыркка жетпеген депутат отурабыз, жетимиши каттоодон өттү деп атабыз. Кимди алдайбыз? Эгер ыйман, мыйзам ушул жерден башталбаса, элден кантип талап кылабыз? Мен өткөндө Улан мырза (Примов — ред.) сизге айттым эле: биз регламентти бузбашыбыз керек. Кээде өтпөй калган токтомду кайрадан добуш берип деле өткөрүп жатабыз. Эгер жамандагына алып, бирөө Конституциялык сотко берсе, биздин чечимдер жокко чыгып кетет. Жок дегенде өзүбүздүн абийирибиздин алдында өзүбүз таза бололучу. Анан «чакыргыла, чакыргыла» деп, кайра-кайра айта бергендей, бала бакчанын балдарыбызбы? Келген киши келди, каттоодон өткөн киши өттү. Менимче, жакшы эмес. «Кырк киши отуруп алып, мамлекеттин тагдырын чечип жатабыз», — деген туура эмес болуп калат. Ушуну карап койсоңор», — деди Мадумаров.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айрым мыйзам долбоорлоруна добуш берилмек. Регламент боюнча 46 депутат каттоодон өткөн учурда гана мыйзамга добуш берилет.

Буга байланыштуу депутат Кундузбек Сулайманов добуш берүүлөрдү эртеңкиге калтырууну сунуштады. Жыйынтыгында добуш эртең, 2-июнда бериле турган болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM