Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаевге 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча айып тагылды

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 922 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча айып тагылды. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев кабарлады.

Анын айтымында, Атамбаевге Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен айып коюлууда.

Тергөөнүн маалыматында Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү пайда алуу үчүн жаңжал чыгарышкан деп айтылат.

Июнь окуясы боюнча президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырган.

Иштин алкагында президент Садыр Жапаров, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев да Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да суракка алынган.

20-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчы Бектур Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен айып тагылган.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM