Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Наристе» фольклордук фестивалы өтүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 626 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда «Наристе» II эл аралык фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты.

Анда Жапаров 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен балдарды куттуктады. Көкүрөктөгү жалынды өчүрбөй, келечекке койгон максаттарына ишенимдүү кадам таштоого чакырды.

«Наристе курак баарыбызга жылмаюу менен балалыгыбызды эске салып, өзүнчө бир жылуу сезимди тартуулайт. Бул ар бир адамдын жашоосундагы эң маанилүү тепкич. Сиздерди чыгармачылыкка, искусствого, музыкага болгон кызыгуу жана актердук чеберчилик менен өзгөчө талант бириктирип турат. Биз – ата-энелер, ар бириңер үчүн жүрөгүбүз менен күйөбүз. Ушундай нур жүздүү, ажайып өнөрлүү балдарыбыз бар жашообуз бейпил, элибиз тынч, өлкөбүз өнүгүү үстүндө деп көңүлүбүз куунак болот. Силердей таланттуу балдар менен кайсы убакта, кайсы жерде болбойлу биз абдан сыймыктанабыз» , — деди президент.

Жапаров мындан тышкары, өлкөнүн бардык аймактарынан келген таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушуп, алардын айрым суроолоруна жооп берди. Жолугушуунун соңунда мектеп окуучуларына белектер тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM