Биз менен байланышыңыз

Тазабек Икрамов ӨКМ министринин кызматтан кетүүсүн талап кылды

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 488 | 0

Кыргызстандагы акыркы сел каптоодон жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык унаа бир канча жарандын өмүрүн алгандан кийин министрдин ал кызматта турууга моралдык укугу жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, Сузак районундагы Кара-Дарыя айылынын тургундары бир жылдан бери контейнерде жашап жатышат. Үйлөрүн сел алганына бир жыл болсо да, аларга үй курула элек.

Ошондой эле Кара-Дарыя айылында бүгүнкү күнгө чейин дамба курулбай, кечээки сел гектарлаган эгин талааны жууп кеткен.

Депутат дамба курууга бөлүнгөн каражаттын кайда жумшалып жатканына кызыгып, өзгөчө кырдаалдар министри өз арызы менен кызматтан кете турган абалга жеткенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM