Биз менен байланышыңыз

Футболчу Азамат Байматов «Нефтчи» клубунда ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 1 Июн 2022 | 534 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын мурунку капитаны Азамат Байматов Кочкор-Атанын «Нефтчи» клубунда ойной турган болду. Бул тууралуу клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Байматов менен келишим ушул жылдын аягына чейин түзүлгөн. Бул клуб 33 жаштагы борбордук коргоочунун Кыргызстандын ичиндеги төртүнчү командасы болуп калды. Ал буга чейин Оштун «Алай», Бишкектин «Дордой» жана «Алга» клубдарында ойноп келген.

Андан тышкары Литванын «Транзит», «Вентспилс», Орусиянын «Сибирь», Бахрейндин «Ситра», «Риффа», Индонезиянын «Борнео», Малайзиянын «Куала-Лумпур» клубдарында ойногон.

Айта кетсек, «Нефтчи» командасы 24-27-июнда АФК Кубогунун тайпалык баскычында Өзбекстандын «Согдиана», Түркмөнстандын «Алтын асыр», Тажикстандын ЦСКА командалары менен беттеш өткөрөт. Оюндар Тажикстанда болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM