Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-БАЭ бизнес-форуму өтөт

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 239 | 0

Бүгүн, 1-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында экономика министри Данияр Амангелдиев Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри башында турган делегация менен жолугушуу өткөрөт. Ошондой эле БАЭнын экономика министри Бишкекте өтө турган Кыргызстан-БАЭ бизнес-форумуна катышат.

Кечээ, 31-майда Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри башында турган БАЭнин Соода-өнөр палатасы федерациясынын жана ишкерлеринин делегациясы келген.

Делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунда Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Абдилатиф Жумабаев жана БАЭнин Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Саед Аль-Арики тосуп алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM