Бүгүн, 1-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында экономика министри Данияр Амангелдиев Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри башында турган делегация менен жолугушуу өткөрөт. Ошондой эле БАЭнын экономика министри Бишкекте өтө турган Кыргызстан-БАЭ бизнес-форумуна катышат.
Кечээ, 31-майда Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри башында турган БАЭнин Соода-өнөр палатасы федерациясынын жана ишкерлеринин делегациясы келген.
Делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунда Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Абдилатиф Жумабаев жана БАЭнин Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Саед Аль-Арики тосуп алган.