Биз менен байланышыңыз

Президент Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Июн 2022 | 461 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда бардык жеткинчекти акылдуу, чынчыл, боорукер жана мекенчил болууга үндөдү.

«Балдарды коргоонун эл аралык күнү жадыраган жай мезгилинин алгачкы күнүнө белгиленгени бекеринен эмес. Баланын бажырайган күлкүсү менен жадыраган жай айындагы чайыттай ачык асман — бири-бирин толуктап турган табияттын эң ажайып айкалышы, тынчтыктын, бейпилдиктин, куунак жашоонун белгиси. Мына ушундай бейпил күндүн, жай турмуштун, жаркын келечектин ээси болгон балдарыбызга кам көрүү маселеси мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп эсептелет. Балдарга кам көрүү жаатындагы милдеттер, балдарды сак-саламат жетилтип, руханий жактан өнүктүрүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, сапаттуу билим берүү, турмуштук оор кырдаалга кабыл болгон балдарды ар тараптан колдоо мамлекеттик бийликтин ишиндеги негизги багыт болуп саналат. Дени сак, акыл-эстүү балдарыбыз – бул эртеӊки жаркын келечегибиздин, тарбиялуу коомубуздун, өнүккөн, маданияттуу турмушубуздун кепилдиги», — деп айтылат куттуктоосунда.

Президент ошондой эле мамлекеттен кандай гана жардам берилбесин, эң негизги мээримди жана камкордукту бала өзүнүн бекем, туруктуу жана мээримдүү үй-бүлөсүнөн ала тургандыгын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM