Биз менен байланышыңыз

«Балага 5 жашка чейин смартфон колдонууга болбойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2022 | 4206 | 0

Балдарды өнүктүрүү адиси Элиза Темирбекова телефон колдонуунун зыяны пайдасынан да көп экенин белгилейт. Балдардын өнүгүүсүнө, дүйнө таанымына гаджеттер менен интернет тескерисинче тоскоолдук жаратат деген пикирде.

«Бала гаджет, смартфон кармаганда анын кыймыл-аракети дээрлик азаят. Баланын мээси өөрчүшү үчүн ал тынымсыз кыймылдашы керек. Үч жашка чейинки баланын көбүрөөк кыймылдашына шарт түзүп беришибиз керек. Андан кийин чоң жана кичине моторикасын өнүктүрүү да баланын өөрчүшүнө чоң таасир этет. Мындан сырткары уюлдук телефондор баланын угуусуна да залакасын тийгизет. Себеби телефон аркылуу уккан үн менен жандуу үн аябай айырмаланат. Бала жандуу үндү укканда ооздун кыймылы менен салыштырып, шайкеш келтирип, анан сүйлөгөндү үйрөнөт».

Адистер 5 жашка чейинки балдарга телефон берүүгө болбой турганын, 12-14 жашында муктаждык жана мүмкүнчүлүккө жараша берсе болорун айтышты.

Телефондон көрө ата-эненин баласына китеп окуп берип, акыл-эсин өөрчүткөн жана ден соолугун чыңдаган оюндарды ойноткону алда канча пайдалуу. Ошондой эле ар бир баланын жаш курагына жараша мамиле кылуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM