Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 1-июнда борбордук көчөлөр убактылуу жабылат

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 908 | 0

Эртең, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтө турган иш-чаралардан улам Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Төмөнкү көчөлөр жабылары айтылды:

Чүй проспектиси Турусбековдон Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Абдрахманов көчөсү Чүй проспектинен Фрунзеге чейин;

Фрунзе көчөсү Абдрахмановдон Орозбеков көчөсүнө чейин.

Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар эртең менен башталат. Алдын ала айтылгандай, жүрүш учурунда эртең менен жолдор жабылат. Ала-Тоо аянты жана Эски аянт саат 07:00дөн 12:00гө чейин жабык болот.

Copyright © 2017 Maral FM