1-июлдан баштап энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт.
Мыйзамга ылайык, организмге сергитүүчү таасир берген кофеинди же башка компоненттерди камтыган атайын багыттагы алкоголсуз суусундуктар энергетикалык алкоголсуз суусундуктар болуп саналат.
Энергетикалык суусундуктардын пайда-зыяны: Жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн