Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: «Кумтөрдөн» күйүүчү май уурдап бараткан адам колго түштү

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 692 | 0

«Кумтөр» алтын кенинен күйүүчү май уурдап бараткан адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 29-майдын түнүндө болгон. Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери Жети-Өгүз районуна караштуу Сары-Мойнок жайлоосунан «Ауди С-4» үлгүсүндөгү унаанын токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын жүк коюучу жайынан 300 литр солярка табылган.

Айта кетсек, буга чейин облустук милицияга «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын айрым кызматкерлери ишкананын күйүүчү майын уурдап, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жатышканы боюнча арыз түшкөн. Бул арыздын негизинде атайын кайгуул-күзөт уюштурулган.

Кармалган айдоочу 23 жаштагы У.Ч. жана анын шериги 32 жаштагы Ш.С. тергөөдө солярканы «Кумтөрдүн» жол түздөө техникасынын айдоочуларынан сатып алышканын айтып беришкен.

Анын негизинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен келишимдик негизде иштеп жаткан «Тарылга Сервис» компаниясынын кызматкери, Барскоон айылынын 29 жаштагы тургуну А.Н. кармалган.

Сурак учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алган. Факт бирдиктүү реестрге катталып, кылмыш Жети-Өгүз РИИБинде тергелип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM