Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде калтырды

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 968 | 0

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды. Чечим 31-майдан тартып күчүнө кирди.

Банктын маалыматына караганда, өлкөдө инфляциялык процесстердин бир аз басаңдашы байкалат. Бул дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда жагдайдын салыштырмалуу турукташуусу, ошондой эле ички факторлордун тийгизген таасири менен шартталган.

2022-жылдын май айында 1 жылдык инфляция 13,8 пайызга чейин басаңдаган, апрель айындагы 14,5 пайыз болгон.

Кыргызстандын экономикасы үчүн тышкы шарттар мурдагыдай эле белгисиздик жана тобокелдиктердин таасири астында өнүгүүдө.

2022-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн өсүшү 5,4 пайызды түзгөн. 2021-жылдын ушул эле мезгилинде экономика 3,0 пайызга төмөндөгөндүгү белгиленген.

Улуттук банк эсептик ченди 10-мартта 10%дан 14%га көтөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM