Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Сузактагы үйүн сел алган 45 адамга 1 млн сомдон берилет (видео)

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 687 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев үйүн сел алган Сузак районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу «Регион ТВ» телеканалы жарыялады.

Кездешүүдө Камчыбек Ташиев селден жабыркаган жарандарга берилүүчү кенемте боюнча айткан.

«45 адам миллион сомдон акча аласыздар жана үйүңөрдү жаңыдан курасыздар. 73 адам жүз миң сомдон акча аласыздар жана үйлөрүңүздөрдү ремонт кыласыздар. Ошондой эле 40 адам 50 миң сомдон акча аласыздар жана короо-жайды ордуна тургузасыздар. Мен Өкмөттүн тескемесин тактап, Каржы министрлигинен акчаны даярдатып, Сузак райондук администрациясына котортуп, анан келдим. Акчалар бүгүн которулду», — деди ал.

Май айынын башында Сузак районунда сел жүрүп, 45 үй жашоого жараксыз болуп калган.

Copyright © 2017 Maral FM