Биз менен байланышыңыз

Ош, Жалал- Абад жана Баткенде туура кесип тандоо боюнча форум өтөт

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 206 | 0

Эртең, 31-майда саат 10:00дө С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драм театрында, 1-июнь саат 15:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалуу драма театрында, 2-июнь саат 13:00дө Жалал- Абад ресторанында 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Туура кесип-Келечек кепилдиги” аталышындагы форум өтөт. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда жылына болжол менен 160 миңге жакын окуучу 9-11-классты аяктайт. Ар бир окуучунун туура кесипти тандоосу анын кийинки тагдырына чоң таасирин берет.

Иш-чаранын максаты келечек жаштарын кесипке багыттоо үчүн республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингтерди уюштуруу болуп саналат.

Платформанын алкагында өз кесибинин мыкты  бүтүрүүчүлөрүнөн актуалдуу темалар боюнча презентация жасоо пландалууда.

Ушундай иш- чаралар Жалал- Абад жана Баткен шаарларында да өтөт.

Байланышуу телефону:  0705 464 756.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM