Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Кой-Таштагы үйүн балдар үчүн ден соолукту чыңдоо комплекси кылды

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 2325 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы жеке резиденциясын балдар үчүн окуу-ден соолукту чыңдоо борбору катары иштетүүнү тапшырды.

Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков билдирди.

Учурда оңдоп-түзөө жүргүзүлүп жатат. Аталган комплекстин ачылышы 10-июнга пландалган.

Султанбеков ошондой эле Атамбаевге таандык «Боз үй» комплекси 7-апрель музейи болорун билдирди.

«Эми ушундан кийин бийлик балдарга жана музейге арналган имараттарды тартып алуу үчүн бардык күчүн жумшаарынан күмөн санабайм. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттин эсебинен курулбаган бирден-бир имарат – Атамбаев президент болуп турганда мамлекетке өткөрүп берген резиденция, калгандары мамлекет тарабынан курулган үйлөрдө жашап, иштеп жатышат», — деди Султанбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM