Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согушта каза болгон Орусиянын жоокери Жалал-Абадда жерге берилди (фото)

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 1543 | 0

Украинадагы согушта каза болгон Орусиянын жоокери Сыргакбек Өзүбеков туулган жери Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн бүгүн, 30-май күнү акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу  Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, Орусиядан маркумду жеткирип келген аскер кызматкерлери, ата-энеси, туугандары жана айыл тургундары катышты.

Сыргакбек Өзүбеков 21 жашта болгон. Ал Кыргызстанда төрөлүп өсүп, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин бирин аяктаган соң, Орусияга иштөөгө барып, жарандык алган.

Буга чейин да Кыргызстанда төрөлүп өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган аскерлер каза болуп, алардын сөөгү да Кыргызстанга алып келинген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM