Украинадагы согушта каза болгон Орусиянын жоокери Сыргакбек Өзүбеков туулган жери Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн бүгүн, 30-май күнү акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, Орусиядан маркумду жеткирип келген аскер кызматкерлери, ата-энеси, туугандары жана айыл тургундары катышты.
Сыргакбек Өзүбеков 21 жашта болгон. Ал Кыргызстанда төрөлүп өсүп, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин бирин аяктаган соң, Орусияга иштөөгө барып, жарандык алган.
Буга чейин да Кыргызстанда төрөлүп өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган аскерлер каза болуп, алардын сөөгү да Кыргызстанга алып келинген.