Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна Путин каршы эмес»

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 681 | 0

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу пикирин билдирди. 

Ал «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде аталган темир жолдун курулуусуна Орусия тараптын позициясы тууралуу айтып, Владимир Путин менен бул маселени жарым сааттай талкуулаганын билдирди.

«Ооба, чындап эле бул темир жолду курабыз дегенге 20 жыл болду. Бирок такыр эле башталбай келген. Кыргызда «Саптай албай ийнеден көрөт» деген жакшы сөз бар. Буга чейин эч ким Орусия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экенин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экенин түшүнүп, «эч каршылыгыбыз жок, силерге керек болуп жатса, сала бергиле» деген позициясын билдирди. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө, эмдиги жылы баштайбыз. Долбоор үч тараптын катышуусу менен даярдалып жатат. Бул жол салынса, биз «туңгуюк» мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономикабыз дүркүрөп өсөт. Кечээ эле тышкы карыздарыбызды кантип жабабыз деп жаткан санаабыздан арыла турган «Кумтөрдөн» кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот. Демек, эч кам санабагыла. Алдыга кетип бара жаткан жолубуз түз. Келечегибиз кең. Тынчтык болуп турса, баары жакшы болот», — деп кошумчалаган президент.

Белгилей кетсек, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталары айтылган.

Быйыл күзүндө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM