Биз менен байланышыңыз

Быйыл күзүндө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат

Кыска кабар | 21 мая 2022 | 190 | 0

Министрлер кабинети 2022–2026-жылдарга карата Кыргызстандагы темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктады. Мындай чечим кечээ, 20-майда өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.

Кыргыз өкмөтү кабыл алган өнүктүрүү стратегиясы бир гана темир жол инфраструктарын жакшыртпастан, жүргүнчү жана жүк ташуу багыттарын да кошо өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп билдирди.

«Темир жол тармагын өнүктүрүү — өкмөттүн эң приоритеттүү багыттарынын бири. Быйыл күзүндө эгемендүүлүк тарыхыбыздагы эң масштабдуу долбоорлордун бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Бул долбоорду биз толугу менен колдошубуз керек», — деп кошумчалаган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоору ишке ашса, түндүк менен түштүктүн темир жол аркылуу байланышуусуна шарт түзүлүп, экономикада жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болору болжолдонууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан темир жолунун узундугу 424,6 чакырымды түзүп, коңшу Казакстан менен Өзбекстандын темир жол магистралына барып кошулат.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна эки өлкө каршы»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM