Биз менен байланышыңыз

Жаздын акыркы күнү жаан-чачындуу болот

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 388 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 31-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM