Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кумтөрдөгү экологиялык катастрофага мен же Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 3547 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берип, жакында эле Бишкек шаардык соту «Центеррага» карата экологиялык каржылык дооматтарды четке какканы боюнча комментарий берди.

Анда «Кумтөр» боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирерин, ошондо толук маалымат берерин айткан. Мындан сырткары кендеги экологиялык катастрофа буга чейин да болгонун, мындан ары да улана берерин билдирген. Ошондой эле экологиялык зыянга өзүнүн тиешеси жоктугун, бул 90-жылдардын башында түзүлгөн келишимдин айынан болгонун кошумчалаган.

Журналисттин «Центеррага» экологиялык зыянды төлөтүү керек дегендердин башында Садыр Жапаров турбады беле? Бул жагы кандай эми?» дешүүдө. Чын эле, сиз өзүңүз «Кумтөрдө» экологиялык зыян болуп көрбөгөндөй ири өлчөмдө экенин тынбай айткандардын сап башында болчусуз» деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берген:

«Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. «Кумтөр» боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип, ишти бузуп албайлы. Ал эми экология боюнча мурда кандай сөздөрдү айткан болсом, азыр да ошол эле пикирде турам. Ооба, экологиябыз абдан талкаланган. «Кумтөрдү» башынан эле туура эмес иштетишкен, адис эместер башкарган. Ошол үчүн буга чейин канча жолу катастрофа болгон. Жүзгө жакын жараныбыз өлгөн. Эң акыркы эле 2019-жылы болгон катастрофада эки жараныбыз каза тапты. Сөөгү табылбай калды го? Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Тенгиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир Кудай өзү билет, ушуну унутпагыла. Анткени иштин башы 1990-жылдарда эле туура эмес башталган. Эгер чыныгы адистер баштаганда мындай катастрофалар болмок эмес.

Бир нерсени эсиңерге түйүп койгула. Биз «Кумтөрдү» 99 пайыз кыргыз элинин пайдасына чечтик. Аны жакында ийне-жибине чейин толук айтып берем.

Ал эми коомчулукта нааразычылык айтып жүргөндөр «Кумтөргө» жумушка кире албай калган же эскилиги жеткен менчик техникасын киргизе албай жүргөн анча-мынча шылуундар бар. Биринчиден, «Кумтөр» каалоочулардын баарын ишке ала бергидей резина эмес. Экинчиден, нааразы болгондордун эски техникаларын, «41-жылкы» иштебеген буровой станокторун ишке киргизип коюп, жел акча алып жүргөн баягы «Кумтөр» жок. «Кумтөр» мындан ары мамлекеттики. Азыр ар бир тыйын, ар бир техника көңүл чордонунда, ушуну унутпагыла. Техникаңдын «Кумтөргө» пайдасы барбы, алат, пайдасы жокпу, баш тартат. Канадалыктар жаман үйрөтүптүр баарын. Кыйкырып чыгам, жолду тосом десе эле каалаганын кылып, иштебеген станокторун «Кумтөргө» киргизип коюп, ал үчүн акча төлөп берип жүрүшүптүр. Мындан ары ушундай көрүнүштөр уланса, эки жак тең «Кумтөр» да, жеке тарап да жоопко тартылышат, камалышат. Ошол үчүн «Кумтөр» тарап толгон-токой коррупциялык иштерден баш тартып жатат. Албетте, бекер жеп жүргөн «жеминен» ажырагандар нааразы болуп жатышат», — деп билдирген президент Садыр Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM