Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Ширшовду элдин кызыкчылыгы үчүн кабыл алдым

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 980 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов боюнча суроого жооп берди. Ал парламенттин трибунасында Ширшовго байланышкан такталбаган маалыматтар чыгып жатканын айтты.

Мындан тышкары Ширшовдун коррупциялык схемасына өзүнүн тиешеси жоктугун билдирди.

«Кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип, анан кутуласың. Кечээ жакында эле миң доллар пара ала койгон бажычы камалып, жүз миң доллар төгүп, кутулуп чыкты. Жыйырма миң сом пара алып кармалган жол кайгуул кызматкери эки миллион сом төлөп, үй камагына чыкты. Мунун баарын УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура көзөмөлдөп турат. Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт», — деди Садыр Жапаров.

Ал социалдык тармактын колдонуучуларына кайрылып, таза иштей турганына үмүтү үзбөөгө чакырды. Алексей Ширшовду, ага чейин Аскар Акаевди кабыл алганы элдин кызыкчылыгы үчүн экенине ишендирди.

«Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай койду. Бакиев дайыма мокочо болуп, экөөнүн түшүнө кирип турат окшойт», — деп айтты президент.

Төрт ишкана Санарип министрлигине өттү: Анын Ширшовго байланышы барбы?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM