Төрт ишкана Санарип министрлигине өттү: Анын Ширшовго байланышы барбы?

Министрлер кабинетинин 10-майдагы токтому менен «Кыргызтелеком», «Евразия сактык банкы», «Альфа Телеком», «Дастан» ишканаларынын мамлекеттик акциялары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алынып, Санариптик өнүгүү министрлигине өткөрүлдү. Токтомдо акциялар ишканаларды жакшыртуу максатында которулганы жазылган. Коомчулук муну «Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган Алексей Ширшовго байланыштырат. Санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов мурда Ширшовдун жеке … Читать далее Төрт ишкана Санарип министрлигине өттү: Анын Ширшовго байланышы барбы?