Биз менен байланышыңыз

Кувейттин борбордук базарында кыргыз балын саткан күркө ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 417 | 0

Кувейт мамлекетинин борборундагы эң ири тарыхый «Мубаракия» базарына White Honey компаниясы кыргыз балын саткан күркө ачты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кыргыз балынын күркөсүн ачуу Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин жана Кувейттин Соода министрлигинин биргелешкен аракети, Эль-Кувейт шаарынын мэриясынын, Өрт өчүрүү сыяктуу бир катар кызматтардын уруксаты менен ишке ашкан.

White Honey компаниясы Кувейттин Соода-өнөр жай палатасында катталган ири өндүрүш болуп саналып, ал көптөгөн өлкөдөн бал импорттойт.

Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги кыргыз балчыларын кызматташууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM