Биз менен байланышыңыз

Топ оюндары боюнча окуучулардын республикалык мелдеши өтөт

Кыска кабар , Спорт | 30 мая 2022 | 414 | 0

31-майдан 3-июнга чейин мектеп окуучулары арасында топ оюндары боюнча республикалык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө биринчилиги үчүн мелдешке Бишкек, Ош шаарларында жана 7 облуста өткөн футбол, волейбол, баскетбол боюнча турнирлерде чемпион болгон кыздар жана балдар командалары катышат.

Лиганын ачылышы 31-май саат 9:30да Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда болуп, андан соң борбордогу спорттук комплекстерде оюндар башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM