Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын экс-президентинин жубайы «Эмгек сиңирген килемчи» наамын алды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 мая 2022 | 4429 | 0

Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайын түркмөн парламенти «Эмгек сиңирген килемчи» деп тааныган токтом чыгарды.

Токтомдо экс-президенттин жубайы Огулгерек Бердымухамедова өлкөнүн эгемендүүлүгүн чыңдоого опол тоодой салым кошуп, улуттук килем токуу искусствосун өнүктүрүп, көптөгөн жылдар бою эмгектенгени айтылат.

Ошондой эле учурдагы президенттин энеси Ахал облусундагы Гөктепе килем ишканасында көп жыл эмгектенгени, килемдердин жаңы көчөттөрүн, оюмдарын иштеп чыгууда уникалдуу технологияларды колдонгону белгиленген.

Түркмөн президентинин энеси Огулгерек Бердымухамедова тууралуу маалымат интернет айдыңында дээрлик жокко эсе. Жубайы Гурбангулы Бердымухамедовдун президенттик мөөнөтүндө дээрлик эл алдына чыккан эмес. Анын расмий жолугушуудагы алгачкы сүрөтү Түркия президенти Эрдогандын Ашхабаддагы визити учурунда, 2021-жылы ноябрь айында түркиялык маалымат каражаттарына жарыяланган. Анда түрк президенти Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен Түркмөнстанга расмий сапарга келген.

Түркмөнбашынын жубайынын расмий сүрөтү биринчи жолу жарыяланды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM