Түркмөнбашынын жубайынын расмий сүрөтү биринчи жолу жарыяланды

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 27-ноябрда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу түркмөнстандык басылмалар жазды.  Эрдоган Түркмөнстанга жубайы Эмине Эрдоган менен барган. Эки өлкө башчынын жубайлары менен бирге түшкөн сүрөттөрү жарыяланды. Бул Түркмөнстандын биринчи айымы Огулгерек Бердымухамедованын биринчи расмий сүрөтү.