Биз менен байланышыңыз

Ошто футбол боюнча мэрдин кубогу өтөт

Кыска кабар , Спорт | 29 мая 2022 | 658 | 0

2-июндан 5-июнга чейин Ош шаарында биринчи жолу «Мэр Кубогу-2022» футбол боюнча эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Турнирдин бардык беттештери Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт.

Ага Оштун “Алай”, Кочкор-Атанын “Нефтчи”, Өзбекстандын “Бунёдкор” Ташкент жана Андижандын “Анжиян” клубдары катышат.

Турнирдин жобосу боюнча жарым финалдык жуптар чүчү кулактан кийин аныкталат. Жарым финалдык беттештердин жеңүүчүлөрү баш байге үчүн ат салышса, жеңилгендер көңүл жубатуучу финалда беттешет.

Иш-чаранын программасында күйөрмандар үчүн оюн-зоок программасы да камтылган.

Мелдештин уюштуруучулары Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасы жана Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясы жана «Алай» ПФКсы.

Мэриядан кабарлашкандай, бул мелдешти жыл сайын өткөрүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM