Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Азыркы шарттар Куралдуу күчтөрдү чыңдоону талап кылат

Кыска кабар | 29 мая 2022 | 406 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Анда Жапаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды куттуктады.

Тарыхка кайрылып, 1992-жылдын 29-майында мурдагы Советтер Союзунун Кыргызстанда жайгашкан кошуундары менен бөлүктөрү Кыргызстандын юрисдикциясына өтүп, улуттук армиянын пайдубалы түптөлгөнүн айтты.

«Кыргызстандын түштүк аймагына эл аралык террористтик топтор басып кирип, мамлекеттик аймактын бүтүндүгүнө коркунуч жаралган 1999-2000-жылдар баарыбыздын эсибизде. «Баткен окуялары» деп аталып калган ошол мезгил биздин армия үчүн биринчи согуштук тажрыйба, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сактоо жолундагы чоң сыноосу болду десек жаңылышпайбыз. Жоокерлерибиздин өлкө башына түшкөн кыйын күндөрдө эл-жерибиздин коопсуздугун камсыз кылууга аттанып, душмандар менен кагылышууда көрсөткөн каармандыгын дайыма эскерип турабыз. Тынчтык жана бакубатчылык үчүн өзүнүн өмүрүн арнаган уулдарыбызды унутууга акыбыз жок» , — деди Жапаров.

Президент аскердик бөлүктөр өлкө аймагында гана эмес, эл аралык милдеттенмелердин алкагында чет мамлекеттерде дагы өздөрүнүн милдеттерин татыктуу аткарып жатканын белгилеп, аймактык бүтүндүгүнө каршы багытталган аракеттерге коюуга жөндөмдүү экендигин айтты.

Ошол эле учурда дүйнөнүн ар кайсы аймагында болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар чоң кесепеттер менен мүнөздөлүп жатканын эскертип, мындай шарт Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүүнү талап кылып жатканын билдирди.

«Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо – эң башкы милдетибиз. Биз бул багытта иштерди баштап, 2021-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун жаңы концепциясын бекиткенбиз. Анын негизги максаты — улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирген көрүнүштөрдүн алдын алуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган күч-аракеттерди топтоштуруу жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу болгон.

Жакынкы күндөрдө Коопсуздук кеңешинде Аскердик жаңы доктринасынын долбоору каралат, Куралдуу Күчтөрдүн ишин ар тараптуу камсыздоо, айрыкча, анын аскердик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынат.

2021-жылдан тартып аскер бөлүктөрүнө жаңы курал-жарактарды жана аскердик техникаларды сатып ала баштадык. Өткөн жылы аскер кызматкерлеринин кызматтык маяналары жогорулатылды. Акчалай төлөмдөрдү, анын ичинде Куралдуу Күчтөрдүн жарандык кызмат адамдарынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча жаңы сунуштар каралууда» , — деди Садыр Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM