Биз менен байланышыңыз

Арзыбек Кожошев Кыргызстандын атынан ЕЭКке министр болуп дайындалды

Кыска кабар | 29 мая 2022 | 694 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) министр болуп дайындалды.

Ал ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри болду. Буга чейин бул кызматты Темирбек Асанбеков аркалаган.

Жогорку евразиялык кеңештин кийинки жыйыны 2022-жылдын декабрь айында Бишкекте өтөт.

27-майда президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында ЕАЭБ лидерлеринин саммити онлайн форматта өттү.
Отурумдун жыйынтыгында, Жогорку евразиялык кеңеш Индонезия менен эркин соода жүргүзүү үчүн келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алды;

-ЕАЭБ жетекчилери 2022-2023-жылга карата биримдиктин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын бекитишти;

Евразиялык экономикалык биримдиктин күнү деп 29-майды бекитилди.

Copyright © 2017 Maral FM