Биз менен байланышыңыз

Дүйшөмбүдө Коопсуздук кеңешинин катчылары Ооганстандын маселесин талкуулашты

Кыска кабар | 28 мая 2022 | 267 | 0

Тажикистандын Дүйшөмбү шаарында Ооганстандын маселеси талкууга коюлган Коопсуздук кеңешинин катчыларынын кезектеги жыйыны өттү.

Ага Кыргызстандан Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов барган.

Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын коопсуздук тармагынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар Ооганстандагы кырдаалдын мүнөзү, ошондой эле анын аймагынан келип чыгуучу чакырыктар жана коркунучтар тууралуу пикир алмашышты.

Көйгөйлөрдүн бүткүл комплексин талкуулоо менен катышуучулар Ооганстандын келечегин бул өлкөнүн калкынын кызыкчылыгында афгандар өздөрү курушу керек деген пикирге келишти.

Терроризмге, баңги аткезчилигине, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү жаатында көп тараптуу кызматташтыкты активдештирүү менен бирге Ооганстанды азыркы эл аралык процесстерге тартуу зарылдыгы белгиленген. Гуманитардык жана экономикалык каатчылыктан чыгууда Афганистанга жардам көрсөтүүнү улантуу маанилүү экени айтылган.

Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргызстан Ооганстандагы коопсуздук маселелеринде, анын ичинде бул өлкөнүн азыркы жетекчилигинин аракеттеринин натыйжасында оң жылыштарга үмүттөнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM