Connect with us

Коңшу өлкөдөн контрабандалык жол менен алынып келинген унаа кармалды (видео)

Кыска кабар | 28 Май 2022 | 235 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргызстандын аймагында аткезчилик ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүнүн туруктуу каналы токтотулду.

Быйыл 18-март күнү УКМК тарабынан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун Достук айылынын А.Д. аттуу тургунунун башкаруусунда, чек арадан алып өтүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү документтери жок “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.

Сурак учурунда унаанын ээси А.Д. бул машинаны коңшу мамлекеттин жаранынан алганын айтып, автотранспортко укукту аныктоочу документтери жок экенин тастыктаган.

Аталган факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иш козголгон.

Белгилей кетсек, келип түшкөн маалыматтар боюнча, буга чейин ондогон автоунаалар Кыргызстандын аймагына ушундай эле жол менен бажы жана башка төлөмдөрдү төлөбөстөн алынып келинген. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 4,5 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.
Азыркы учурда бул багытта кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM